Россияда үч жылда Telegram тиркемесине аркылуу 153 миң кылмыш катталган
24 февраль

Россияда үч жылда Telegram тиркемесине аркылуу 153 миң кылмыш катталган

Российская газета басылмасынын маалыматына ылайык, 2022-2025-жылдары Россияда Telegram мессенжерин колдонуу менен миңдеген кылмыштар катталган.

Telegram’ды Павел Дуров 2013-жылдын август айында түзгөн. Азыркы учурда платформа дүйнө жүзү боюнча 1 млрддан ашуун активдүү колдонуучуга ээ, анын ичинде 100 млндан ашыгы Россияда. Мессенжер тексттик билдирүүлөрдү, фото, аудио жана видео файлдарды алмашууга, каналдарды жүргүзүүгө, ошондой эле үн жана видео чалууларды колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Россиянын мамлекеттик органдарынын маалыматына караганда, 2017-жылдан тартып Telegram кылмыштуу ишмердүүлүктү уюштуруу үчүн колдонулуп келген: шантаж, опузалоо, баңгизат сатуу, балдар порнографиясын таратуу жана башка мыйзамсыз аракеттер. 2022-жылдан бери мессенжерди колдонуу менен жасалган кылмыштардын саны 153 миңден ашып, анын 33 миңи экстремисттик жана террористтик мүнөзгө ээ болгон.

Россиянын ФСБсынын маалыматына ылайык, Telegram аркылуу даярдалган 475 теракттын алдын алуу мүмкүн болгон. Алардын арасында мектептердеги 61 массалык киши өлтүрүү аракетинин алдын алуу учурлары бар.

2018-жылдын апрель айында Москва шаарынын Таган райондук соту атайын кызматтарга колдонуучулар тууралуу маалымат бербегендиги үчүн Telegram’га Россия аймагында кирүүгө чектөө киргизген. 2021-жылдан тартып мессенжерге карата айып пул санкциялары колдонулууда.

Россиянын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Telegram’дын купуялуулук саясатынын 8.3-пункту чет мамлекеттердин суроосу боюнча колдонуучунун IP-дарегин жана телефон номерин ачып берүүгө мүмкүндүк берет.

Учурда Telegram’дын жетекчиси Павел Дуровдун аракеттери кылмыштуу ишмердүүлүккө көмөктөшүү беренеси (РФ Кылмыш-жаза кодексинин 205.1-беренесинин 1.1-бөлүгү) боюнча териштирилүүдө.