Орозо айт. Бишкекте №38 жана №203 автобустары жүргүнчүлөрдү түшкө чейин бекер ташыйт
Муфтийдин демилгеси менен Бишкектеги №38 жана №203 автобустары саат 12:00гө чейин жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
«Эки линиядагы 50 автобуска бекер каттам уюштурдук. №38 жана №203 автобустары жүргүнчүлөргө 05:00 – 12:00 арасы бекер кызмат көтөрөт. Иш-чаранын максаты – айт намазын даңазалоо, руханий шаңын сездирүү, намазга ашыккандарга кубаныч тартуулоо», – деп билдирди уюштуруучулардан Толкунбек ажы Жуманов.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын тургундары жана конокторунун суранычы, президенттин колдоосу менен орозо айт намазы эртең, 20-мартта Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) окулат.
Эси аянттагы айт намазы программасы:
* 07:00 – 07:30 – Куран окуу
* 07:30 – 07:40 – Модератор Шүкүр ажы Исмаилов
* 07:40 – 08:10 – Диний баяндар; Бакыт ажы Кайкиев, Жолдошбек ажы Абдылдаев
* 08:10 – 08:30 – Азирети Муфтийдин сөзү: Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери
* 08:20 – 08:30 – Сапан-сап айтуу
* 08:30 – 08:50 – Айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.
Ал эми аймактарда орозо айт намазы жума мечиттерде окулат. Региондордогу жалпы айттык программа:
* 07:30 – 08:00 – Куран окуу;
* 08:00 – 08:25 – Диний баяндар;
* 08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
* 08:30 – Айт намазын окуу.
Эскертүү: Тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн убактардан бир аз айырмаланышына (жергиликтүү шарттарга жараша) уруксат берилет.
