Ошто соцтармактардын жетекчилери менен кызматташтыкты чыңдоо боюнча жыйын өттү
Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекованын катышуусунда социалдык тармактарга караштуу мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жыйын өткөрүлдү.
Мэриядан кабарлашкандай, жыйында шаар жетекчилиги тарабынан аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар талкууланды. Мэрдин орун басары ар бир тармактын жетекчилерин мэрия менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга чакырып, шаарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле шаар мэриясы тарабынан берилген тапшырмаларды так, сапаттуу жана өз убагында аткаруу зарылдыгы айтылып, ишти жакшыртуу боюнча сунуштар кабыл алынды.
Өткөрүлгөн жыйын шаардагы социалдык тармактардын ишин координациялоону күчөтүүгө жана мекеме-ишканалар менен мэриянын ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө багытталды.
