Кыргызстандыктар никеге туруу тууралуу арызды эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн бере алышат
1 июль

Кыргызстандыктар никеге туруу тууралуу арызды эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн бере алышат

Кыргызстандыктар никеге туруу тууралуу арызды эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн бере алышат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде «Түндүк» ААКсынын долбоорлор боюнча координатору Гүлниза Оморкулова билдирди.

Анын айтымында, жаңы кызмат жубай болууну каалаган жарандарга никени каттоого ыңгайлуу күндү электрондук календарь аркылуу тандап, арызды онлайн тапшырууга мүмкүнчүлүк берет. Азыркы учурда жарандар никеге туруу тууралуу арыз берүү үчүн калкты тейлөө борборуна (КТБ) жеке өзү кайрылууга милдеттүү.

Жаңы санариптик кызмат ишке киргенден кийин болочок жубайлар арызды аралыктан эле тариздей алышат. Ал эми КТБга никени мамлекеттик каттоо жана тиешелүү документтерди алуу үчүн гана барышат.

Гүлниза Оморкулова белгилегендей, мамлекеттик кызматтарды онлайн форматка өткөрүү калкты тейлөө борборлорундагы жүктөмдү азайтып, жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара иштешүүсүн жеңилдетүүгө багытталган.