ЖК депутаттары негизги ишинен тышкары кандай кошумча иштер менен алектене алаары такталууда
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев демилгелеген “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоорунда депутаттар негизги ишине катар кандай ишмердүүлүктөр менен алектене алаарын так көрсөтүлгөн.
Анын айтымында, тактык “илимий”, “педагогикалык” жана “чыгармачылык” ишмердүүлүк деген терминдерди чечмелөөдөгү түшүнүксүздүктөрдөн улам депутаттарды мыйзамсыз түрдө мандатынан ажыратуу коркунучун жок кылат.
Депутаттар тарабынан машыктыруучулук ишмердүүлүктү да тизмеге кошуу сунушталды эле, ага Бекешев макул болду.
Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
