Мамлекеттик маанидеги иш-чаралар. Инспекторлор жол кыймылын жөнгө салуу көндүмдөрүн өркүндөтүүдө
Ички иштер министрлигинин Академиясында Кыргыз Республикасынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн жол кыймылын жөнгө салуу боюнча практикалык сабактар өткөрүлүүдө.
ЖКККББнын кызматкерлери жол кыймылын жөнгө салуу боюнча зарыл болгон көндүмдөрдү жакшы билишет.
Ошол эле учурда ири жана маанилүү иш-чаралардын алдында билимди жаңыртып, практикалык аракеттерди кайрадан тактап алуу өзгөчө маанилүү.
Сабактардын жүрүшүндө кызматкерлер кол менен жол кыймылын жөнгө салуу, жол кыймылынын катышуучулары менен өз ара аракеттенүү жана транспорт агымын так башкаруу көндүмдөрүн өркүндөтүшүүдө.
Мындай даярдык кызматкерлердин массалык иш-чаралар учурунда жол кыймылынын коопсуздугун жана тартибин камсыз кылууга ар дайым даяр болушуна шарт түзөт.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 30-августунан 6-сентябрына чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
