Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 август

Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Кытай Эл Республикасынын Тибет автономдуу районунда сел жүрүп, адамдардын каза болгондугуна жана дайынсыз жоголгондоруна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Кытай Эл Республикасынын Тибет автономиялуу районунун Шигадзе шаардык округуна караштуу Гьиронг уездинде болгон селдин кесепетинен адамдар каза болду жана дайынсыз жоголду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.