Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн курулушу. Подряддык уюм менен түзүлгөн келишим бузулат
20 январь

Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн курулушу. Подряддык уюм менен түзүлгөн келишим бузулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйын өткөрүп, борбор калаадагы бир катар негизги инфраструктуралык объектилерде аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты. 

Муниципалитеттен кабарлашкандай, иш сапардын жүрүшүндө мэр Жибек жолу проспектисинде курулуп жаткан көпүрөгө барды. Объектте сапатсыз тосмолор аныкталгандыгына байланыштуу шаар башчысы подряддык уюм менен түзүлгөн келишимди кыска мөөнөттө бузуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле дарыянын нугунун боюндагы объектилердин мыйзамдуулугун текшерүү тапшырылды.

Белгиленгендей, жаңы көпүрө алты тилкелүү болот. Долбоордун алкагында таксилер үчүн токтоочу жайларды уюштуруу пландалган участоктор да каралган.