Кыргызстанда курулуш тармагындагы эмгек акы 60 миң сомго чейин төмөндөдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 август

Кыргызстанда курулуш тармагындагы эмгек акы 60 миң сомго чейин төмөндөдү

Кыргызстанда курулуш жана кыймылсыз мүлк тармагындагы адистерге иш берүүчүлөр сунуштаган медианалык айлык акы 60 миң 101 сомду түздү.

HeadHunter Кыргызстан маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 4%га төмөндөгөн. Анда сунушталган медианалык айлык акы 62 миң 598 сом болгон.

Ошол эле учурда курулуш жана кыймылсыз мүлк тармагындагы бош жумуш орундардын саны бир жыл ичинде 5,7%га өскөн.

Ал эми жумуш издөөчүлөрдүн айлык акы боюнча күтүүлөрү тескерисинче жогорулаган. 2026-жылдын биринчи жарымында алардын күтүүсү 50 миң 363 сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2%га көбөйгөн.

Ошентип, иш берүүчүлөр адистерге орточо эсеп менен жумуш издөөчүлөр күткөн айлыктан 9,7 миң сомго көбүрөөк сунуштап жатышат.

Муну менен катар тармакта жумуш издеп жаткан адамдардын саны иш берүүчүлөр сунуштаган вакансиялардын өсүшүнө караганда кыйла тез көбөйгөн.