КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чара тууралуу
2026-жылдын 3-августунда тынчтыкты жана улуттар аралык ынтымакты, коомдук туруктуулукту чыңдоо, мамлекеттик органдар менен расмий дин өкүлдөрүнүн өз ара кызматташтыгын бекемдөө, радикалдык мүнөздөгү диний идеологиялардын жайылышынын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле ушул багыттагы чыр-чатактардын келип чыгышына өбөлгө түзүүчү жагдайларды алдын алуу максатында, КР Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги жана КР Мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлчүлүгү менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Сузак районунда «Салттуу ислам – коомдук ынтымактын жана руханий туруктуулуктун негизи» аттуу темада семинар өткөрүлдү. Иш-чарага Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, айыл аймактарынын башчылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, имамдар, Сузак району боюнча этностор аралык биримдик ассоциациясынын координатору, ошондой эле улуттук диаспоралардын өкүлдөрү катышты.
Семинардын жүрүшүндө расмий дин өкүлдөрү жана КР Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин өкүлдөрү тарабынан катышуучуларга диний бөлүнүүгө жол берилбестиги, коомдук ынтымакты жана биримдикти сактоонун мааниси, салттуу исламдын баалуулуктарын кармануу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан чыгарылган фатваларды так сактоо зарылдыгы тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Ошондой эле коомдо экстремисттик жана радикалдык багыттагы салттуу эмес диний агымдардын терс көрүнүштөрүнө жол бербөө, алардын жайылышын алдын алуу жана мындай көрүнүштөргө каршы коомдук аң-сезимди калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери динден улам пайда болгон коомго жат көрүнүштөрдү басуу, экстремисттик жана радикалдуу көз караштардын алдын алуу, ыйгарым укуктуу органдардын тиешелүү уруксаты жок балдарды "хужраларда" жана "медреселерде" диний билим алышына жол бербөө жана жашы жете электерди чет өлкөгө текшерилбеген теологиялык билим берүү мекемелерине жөнөтпөө боюнча биргелешкен аракеттерди көрүүгө чакырышты.
