Чүйдө өрттөнүп кеткен унаанын ичинен эки адамдын сөөгү табылды
20 январь

Чүйдө өрттөнүп кеткен унаанын ичинен эки адамдын сөөгү табылды

Чүй облусунун Москва районундагы Спартак айылында Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кетти. Унаанын ичинен 16 жаштагы кыздын жана бир жигиттин сөөгү табылган. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлашты.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыз унаанын арткы отургучунда, ал эми жигит алдыңкы орунда отурган. 

Окуя бүгүн түнү болгон. Учурда милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.