Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды
Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды, деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 1-мартта саат 14:12де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак, Барскоон айылдарында 2,5 баллга (Кичи-Жаргылчак айылынан 15 чакырым түштүк чыгышта, Чоң-Жаргылчак айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Барскоон айылынан 19 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
