Бишкекте Сагымбай Манасчы көчөсүндө көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат
Бишкектеги Сагымбай Манасчы көчөсүндө көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы бир катар негизги инфраструктуралык объектилерде аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен тааныштып жаткан учурда билдирди.
Белгилей кетсек, унаа токтотуучу жайлардын инфраструктурасын өнүктүрүү мэриянын транспорттук абалды жакшыртууга жана Бишкектин тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга багытталган комплекстүү иштеринин бир бөлүгү болуп саналат.
