Мэрдин текшерүүсүнөн кийин Бишкектеги «Жасмин» кафеси башка жакка көчүрүлөт
Бишкек шаарынын мэри бүгүн ЖЭБдин техникалык каналынын боюндагы участокко барып, мыйзамсыз курулган объектилерди демонтаждоо иштерин көрдү.
Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу «Жасмин» кафеси менен түзүлгөн келишимди бузуу жана ишкерге альтернатива катары башка жер тилкесин берүү мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылды. Келечекте каналдын жээгинде аймакты комплекстүү түрдө көрктөндүрүү пландалууда.
