БШК президенттик шайлоодо талапкерлердин шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартибин бекитти
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө Жобо бекитилди.
Аталган Жобо шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылып, талапкерлер үчүн бирдей шарттарды түзөт жана шайлоо документтерин кабыл алуу жана алардын мыйзам талаптарына шайкештигин текшерүүнүн так тартибин аныктайт.
Ошондой эле, конституциялык мыйзамда белгиленген талаптарды конкреттештирип, аларды иш жүзүндө колдонуу механизмдерин тактоого багытталган.
Мындан тышкары, документтердин бирдиктүү формаларын бекитүү каралган.
Бул шайлоо мыйзамдарынын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылууга, процесстик каталардын алдын алууга жана шайлоо процессин уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
