Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда энергетиктер күчөтүлгөн режимде иштейт
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде энергетиктер ишин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп, иш-чара өтүүчү бардык объектилерди жана аянтчаларды ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат.
Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, оюндардын объектилерин электр энергиясы менен камсыз кылган негизги көмөкчордондордо адистердин кошумча нөөмөтү уюштурулат. Бул электр жабдууларынын ишин үзгүлтүксүз көзөмөлдөөгө жана мүмкүн болгон штаттан тышкаркы кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет.
Ыкчам чара көрүү үчүн 15 атайын бригада түзүлүп, жалпысынан 127 кызматкер тартылат. Бардык бригадалар ыкчам жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдар, шаймандар жана жабдуулар менен камсыздалган.
Ошондой эле негизги бардык локацияларда электр энергиясынын резервдик булагы катары генераторлор алдын ала даярдалды. Адистер электр тармактарынын жана объектилердеги жабдуулардын даярдыгын текшеришти.
Энергетиктер электр тармактарынын ишин туруктуу көзөмөлдөп, күтүлбөгөн кырдаал жаралган учурда ыкчам чара көрүүгө даяр болушат.
Негизги максат — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда электр энергиясын туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылып, электр менен камсыздоодо үзгүлтүккө жана мүчүлүштүктөргө жол бербөө.
