Ош: Орозо айт жана Нооруз майрамдарына карата саптык кароо өттү
Ош мэриясы
19 март

Ош: Орозо айт жана Нооруз майрамдарына карата саптык кароо өттү

Бүгүн, 19-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо Айт жана Нооруз майрамдарына карата укук коргоо органдарынын өздүк курамдарынын катышуусунда салтанаттуу саптык кароо өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамирбек Исаков жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, өздүк курамдын майрамдык күндөргө карата коомдук коопсуздукту камсыздоого болгон даярдыгы текшерилди.

Шаар мэри майрамдык иш чараларда коомдук тартипти сактоонун маанилүүгүн белгилеп, ар бир кызматкерди өз милдетине жогорку жоопкерчилик менен мамиле кылууга, жарандардын ишенимин актоого жана коомдук тартипти сактоодо үлгүлүү болууга чакырды.

Белгилей кетсек, майрам күндөрү укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.