Аламедин айылындагы мечиттен өрт чыгып, бир адам жабыркады
Бишкектин Свердлов районунда Аламедин айылындагы мечиттен өрт чыкты. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Өрт тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин, саат 11:16да окуя болгон жерге Свердлов районунун №3 өрт-куткаруу бөлүмүнөн эки өрт өчүрүү тобу жана штаб жөнөтүлгөн.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинин натыйжасында жалын саат 12:18де толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 150 чарчы метрди түзгөн. Окуянын натыйжасында 1994-жылы туулган эркек киши колунан жеңил жаракат алган.
