КР Куралдуу Күчтөрүнүн бюджети 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300%дан ашык өстү
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бюджети 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300%дан ашык өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Коргоо министрлигине 81 даана автотранспорт каражатынын ачкычын тапшыруу аземинде билдирди.
Анын айтымына караганда, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү акыркы жылдары кыйла чыңдалды.
"Бул каражаттар биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны чыңдоого, армияны заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, аскер бөлүктөрүнүн, аскер шаарчаларынын, гарнизондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталды. Заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде абадан коргонуу каражаттары жана радиоэлектрондук күрөш системалары сатылып алынган", - деди ал.
