Эмне үчүн бир электр линиясынын бузулушу Бишкектин жарымын жарыксыз калтырды?
Ушул жылдын 6-июнунда 110 кВ «Парковая» – «Ала-Арча» электр берүү линиясындагы №23 жана №24 таянычтардын ортосундагы аба чубалгысы HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын аракетинен үзүлүп, анын кесепетинен Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учурады.
Энергетика министрлиги 2026-жылдын 28-майында аталган курулуш объектисинин өкүлдөрүнө электр тармактарынын корук зонасында иштерди жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгы тууралуу расмий эскертүү тапшырылгандыгын билдирди.
Билдирүүдө электр берүүчү линиялардын жанында атайын техникаларды пайдаланууда белгиленген коопсуз аралыкты сактоо жана энергообъекттерге зыян келтирүүгө жол бербөө талаптары көрсөтүлгөн.
Тилекке каршы, берилген эскертүүгө карабастан коопсуздук талаптары сакталбай, натыйжада жогорку чыңалуудагы электр берүүчү линия жабыркап, авариялык кырдаал жаралды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, электр тармактарына зыян келтирген күнөөлүү тарап келтирилген материалдык чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат жана чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү. Учурда бул факт боюнча тиешелүү материалдар укуктук баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлөт.
Учурда энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, электр менен камсыздоонун ишенимдүү схемасын калыбына келтирүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүп жатышат.
