Кыргызстанда курстарды жана тренингдерди жарнамалоо жөнгө салынат
14 октябрь

Кыргызстанда курстарды жана тренингдерди жарнамалоо жөнгө салынат

Бүгүн, 14-октябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Сыдыков, Гүлшаркан Култаева жана Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген «Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорун комитет төрайымы Винера Раимбачаева тааныштырды. Анын айтымынды, өзгөртүүлөр жарнаманын айрым түрлөрүн жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

«Учурда тиешелүү кесиптик даярдыгы жок, курс, тренинг жана консультация сыяктуу психологиялык кызматтарды көрсөткөн адамдардын санынын өсүү тенденциясы байкалууда. Натыйжада, психологиялык кызмат көрсөтүүлөр рыногу көп сандагы компетентсиз адистерге толуп баратат», - деди.

Баяндамачы кошумчалагандай, мындай кызматтарды көрсөткөн адамдар көбүнчө социалдык тармактарда өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө жарнаманы таркатышат.

«Ал жактан көбүнчө өспүрүмдөр жана жаштар, алардан квалификациясы тууралуу документтерди талап кылбастан, квалификациясы жок адистерге кайрылышат. Квалификациясыз психологдордун кызматына кайрылган адамдын психологиялык жана психикалык ден соолугуна зыян келтирүү түрүндөгү кайтарылгыс кесепеттердин алдын алуу үчүн «Жарнама жөнүндө» мыйзамды толуктоо сунушталат», - деди.

Ошондой эле «Жарнама жөнүндө» мыйзамды оюндардын жана өз ара мелдештердин тобокелдигине негизделген жарнаманын өзгөчөлүктөрүн аныктаган жаңы берене менен толуктоо сунушталууда.