Тажикстандын премьер-министри Кыргызстанга келет
2026-жылдын жылдын 13-февралында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чакыруусу боюнча Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга жумушчу сапары менен келет.
Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары Бишкек шаарындагы инфраструктуралык ишканаларга барышат.
