Жалал-Абад облусуна 14 даана жаңы атайын техника тапшырылды.
6 ноябрь

Жалал-Абад облусуна 14 даана жаңы атайын техника тапшырылды.

Жалал-Абад облусуна 14 даана жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Айыл чарба миинстрлиги билдирет.

Тактап айтканда: Жалал-Абад башкы суу чарба башкармалыгына 1 даана каз тамандуу эксковатор, 1 даана өзүн өзү жүктөөчү бетон аралыштыргыч техника берилди.           

  • Ал эми, Ала-Бука райондук суу чарба башкармалыгына - 1 даана  дөңгөлөк менен жүрүүчү узун эксковатор, 1 даана фронталдык жүктөгүч.
  • Аксы райондук суу чарба башкармалыгына - 1 даана  фронталдык жүктөгүч, 1 даана дөңгөлөк менен жүрүүчү узун эксковатор , 1 даана өзүн өзү жүктөчүү бетон аралыштыргыч атайын техникасы.
  • Ноокен райондук суу чарба башкармалыгына - 1 даана дөңгөлөк менен жүрүүчү узун эксковатор.
  • Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгына - 1 даана дөңгөлөк менен жүрүүчү узун эксковатор.
  • Сузак райондук суу чарба башкармалыгына - 1 даана автоманипулятор, 1 даана фронталдык жүктөгүч, 1 даана дөңгөлөк менен жүрүүчү узун эксковатор.
  • Тогуз-Торо райондук суу чарба башкармалыгына - 1 даана фронталдык жүктөгүч, 1 даана дөңгөлөк менен жүрүүчү узун эксковатор.

Белгилей кетсек, жакында президент Садыр Жапаров министрликке жүздөн ашуун жаңы, заманбап атайын техникаларды жана Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына 40 кызматтык унааны тапшырган болчу.