Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Коомдук кабылдама” аркылуу кабыл алууга жазылган жарандарды кабыл алды
12 февраль

Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Коомдук кабылдама” аркылуу кабыл алууга жазылган жарандарды кабыл алды

2026-жылдын 12-февраль күнү Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев “Коомдук кабылдама” аркылуу кабыл алууга жазылган жарандарды кабыл алды.

Министр кайрылган жарандардын энергетика тармагы боюнча чечилбей жаткан маселесин кунт кою менен угуп, тиешелүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берди. 

Кайрылган жарандардардын суроолорунун негизгилери эскирген жабдуларды жаңылоо, Чакан ГЭС куруу, кошумча трансформатор орнотуу,  жумуш менен камсыздоо маселелери  болду. 

Шаар  тургуну Кочкорбай Чотбаев жубайы экөө үйүндөгү  электр эсептегичтин эскилиги жетип, жараксыз абалга келгендиктен, аны алмаштырып берүүсүн өтүндү. Министр тиешелүү адистерди жиберип маселени чечип берүүнү тапшырды. 
Арашан айылындагы дача тибиндеги конуштун тургуну Тилешов Исламбек ар бир дачага өзүнчө электр эсептегич коюп берүү маселесин көтөрдү. Дачаларга айыл макамын берүү иштери жүрүп жаткандыктан, бул иштер аяктаары менен, Энергетика министрлиги эсептегич коюп берүүгө даяр экендиги айтылды.
Жалгыз бой эне Гүланда Жамалдинова Кемин РЭСинде 23 жылдан бери иштеп келе жаткан кызматкер. Ал ден-соолугуна байланыштуу ээлеген кызмат ордунан мыйзамсыз бошотулуп жатканын билдирди.  Министр бул маселени өз көзөмөлүнө алып, тийиштүү жетекчиге мыйзам чегинде аны жумуш ордунда калтырууга тапшырма берди.
Бул — ачыктык, ыкчам чечим жана калк менен түз байланыштын далили.

Энергетика министри ар бир абоненттин маселеси көзөмөлгө алынарын баса белгиледи. Аны менен катар тийиштүү жетекчилерге  кайрылгандардын баарынын маселесин чечип берүүнү тапшырды.

Энергетикага байланыштуу суроо же көйгөй барбы? Министрликтин эшиги ар дайым ачык.
Ар бир үйдө жарык болсун! 

Министрдин жарандарды кабыл алуусу ар аптанын бейшемби күнү, саат 16:00-18:00 чейин жүргүзүлөт. Алдын ала каттоо: (0312) 67 01 77 номери аркылуу болот.