Казакстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет
2026-жылдын 12–13-февралында Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Ермек Кошербаев Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.
Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуу пландалган.
Кыргызстандын ТИМ башчысы Ж.Кулубаев менен болгон жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашат.
Мындан тышкары, министрлер эки мамлекеттин башчылары тарабынан жетишилген макулдашуулардын аткарылышынын жүрүшүн, 2026-жылга карата жолугушуулар менен сапарлардын графигин, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү карап чыгат.
