Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Эмгек жолу
Адилет Орозбеков
12 февраль

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Эмгек жолу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынып, Орозбеков Адилет Орозбекович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.

Маалымдама: Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин "Дипломатия жана эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган, кийинчерээк Россия Федерациясынын ФКК Академиясында окуган.

Кыргыз, орус жана англис тилдерин билет.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык ченине, полковник аскердик наамына ээ.

Эмгек жолун 2001-жылы улуттук коопсуздук органдарында ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер болуп баштаган жана 2017-жылга чейин ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеген.

2007-2009-жж. – КР УКК конституциялык түзүлүштү коргоо башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2009-2010-жж. – КР УКМК эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары – КР УКМК эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

2012-2017-жж. – КР УКМК антитеррордук борборунун башкы эксперти;

2017-жылдан баштап тышкы иштер министрлигинде, Шанхай кызматташтык уюмунун иштери боюнча улуттук координатордун аппаратында иштеген;

2017-2019-жж. – Пекиндеги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын референти;

2023-2024-жж. – КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти;

2025-жылдын декабрынан азыркы убакытка чейин – КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болгон.