Садыр Жапаров Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түз аба каттамын ачууну сунуштады
сүрөт: depositphotos.com
20 сентябрь

Садыр Жапаров Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түз аба каттамын ачууну сунуштады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түз аба каттамын ачууну сунуштады. Мындай сунушта мамлекет башчысы 19-сентябрда Юта штатынын губернатору Спенсер Кокс жана Сенатынын президенти Стюарт Адамс менен жолугушуу учурунда билдирди. 

Тараптардын жолугушуусу Солт-Лейк-Сити шаарындагы Капитолий имаратында өткөн. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын келечегин, ошондой эле Кыргызстан менен Юта штатынын ортосундагы экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Кыргызстан жана Юта штатынын потенциалын эске алуу менен тоо-кен өнөр жайы, туризм, спорт, маалыматтык технологиялар, финансы жана инфраструктураны өнүктүрүү багыттарындагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.