Бишкекте техникалык тейлөө борборунан ири өрт чыкты
20 январь

Бишкекте техникалык тейлөө борборунан ири өрт чыкты

Бишкектин Балбан-Таймаш конушундагы техникалык тейлөө борборунан (СТО) өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Окуя бүгүн, 20-январда катталып, жалын саат 09:17де толугу менен өчүрүлдү.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ бир доону менен жана штаб тартылган.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 250 чарчы метрди түздү.

Жабыркагандар жок.