Тротуарлардын абалы, тыгын көйгөйү. Оштун мэри бир катар кемчиликтерди сынга алды
Ош мэриясы
23 апрель

Тротуарлардын абалы, тыгын көйгөйү. Оштун мэри бир катар кемчиликтерди сынга алды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 22-апрелде кезектеги рейддин жүрүшүндө А. Масалиев көчөсүндөгү тротуарлардын абалын текшерип, бир катар кемчиликтерди сынга алды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ал шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө тротуарлар негизги орунда турарын белгилеп, көчөнүн аягына чейин веложол куруу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Рейддин алкагында шаар мэри А. Масалиев менен А. Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктө жайгашкан лифтти тез арада ишке киргизип, үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоону талап кылды жана маселени жеринде чечти.

Ошондой эле А. Навои көчөсүндөгү тыгын маселесин жөнгө салуу максатында үчүнчү тилкенин курулушун ыкчам бүтүрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

Мындан тышкары, калаа башчысы А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан “Аль-Мансур” кафесин демонтаждоо иштерин бүгүндөн тартып баштоону тиешелүү кызматтарга милдеттендирди. Ага улай шаар аймагындагы парк, университет жана башка социалдык мекемелердин айланасындагы темир тосмолорду алуу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырма берди.

Рейддин жүрүшүндө мэр А. Масалиев жана Раззаков көчөлөрүндө жайгашкан башаламан, мыйзамсыз соода-сатык жайларды тартипке келтирүү, мыйзамсыз объектилерди алып салуу жана аймакты ирээтке келтирүү боюнча тиешелүү кызматтарга катуу тапшырма берди.