Ош: Жетимишов көчөсүндөгү жаңыланган жол пайдаланууга берилди
Ош мэриясы
2 октябрь

Ош: Жетимишов көчөсүндөгү жаңыланган жол пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы С. Жетимишов көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Ош көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштери аяктап, жол пайдаланууга берилди. Бул тууралуу 1-октябрда Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Узундугу 1400 метр, туурасы 14 метр болгон жол тилкесинин ачылышына Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев өзү катышты.

Оңдоо иштеринин алкагында жолго жаңы асфальт төшөлүп, көчөнүн эки тарабына ирригациялык тармактар орнотулду. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулду.

Ош шаарында жол куруу системалуу түрдө жүрүүдө. Жетимишов көчөсү кеңейтилип жаткан Ош көчөсүнө алып чыгат. Андан ары “Ош” Эл аралык аэропортуна жол жүрүүгө болот.