Жолдор ачык, каттам бар. Саат 09:50гө карата ашуулардагы абал
20 январь

Жолдор ачык, каттам бар. Саат 09:50гө карата ашуулардагы абал

Бүгүн, 20-январь саат 09:50гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар, деп кабарлайт Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы. 

Билдирүүгө ылайык, жети дубандагы Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлдөп, атайын кезметке туруу менен күнү-түнү тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.