Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак-мектебинин имараты буздурулуп, жаңысы курулат
26 октябрь

Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак-мектебинин имараты буздурулуп, жаңысы курулат

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектебинин абалы менен таанышты.

Аталган мекеменин имараты 1906-жылы курулуп, учурда абалы толугу менен пайдаланууга жараксыз болуп калган. Эски имарат эбак эле авариялык абалга келген.

Жатак-мектептеги 30 бала мурдагы жылдан тартып башка жерге убактылуу көчүрүлгөн. Бирок ал жерде дагы жатакана жок болгондуктан, башка жатаканаларда жатып, сабак окуп жүрүшөт. Андыктан, көркөм-сүрөт жатак-мектеби жаңы имаратка муктаж.

Камчыбек Ташиев жеринде бардык абалды көрүп чыгып, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Ага ылайык, жатак-мектептин бардык эски имараттары бузулуп, ордуна 100 орундуу заманбап шарттарды камтыган "Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак-мектеби" курулат. Мекемеде, көркөм сүрөткө кызыккан балдар жана кыздар облус аймагынан келип, аталган мекемеде жатып, билим алууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Курулуш иштери жакын арада башталып, келээрки жылдын аягына чейин толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилиши керек экенин генерал-полковник Камчыбек Ташиев тийиштүү жетекчилерге милдеттендирди.

Камчыбек Ташиев бул объектини куруу иши өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылып баштаганын жана курулушту көзөмөлдөө жагын Камчыбек Ташиев өзү колго алаарын белгиледи.