Белгилүү Valentino мода үйүнүн негиздөөчүсү Валентино Гаравани дүйнөдөн кайтты
20 январь

Белгилүү Valentino мода үйүнүн негиздөөчүсү Валентино Гаравани дүйнөдөн кайтты

Рим шаарында 94 жаш курагында белгилүү италиялык мода жаратуучусу, Valentino мода үйүнүн негиздөөчүсү Валентино Гаравани дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу италиялык Corriere della Sera басылмасы кабарлады.

«Ал Римдеги өз үйүндө, үй-бүлөсүнүн мээримине бөлөнүп, тынчтыкта көз жумду», — деп айтылат Valentino Garavani фондунун Instagram баракчасындагы билдирүүдө.

Валентино Гаравани 1932-жылдын 11-майында Ломбардия аймагында төрөлгөн. 17 жашында Парижге көчүп барып, Chambre Syndicale de la Couture Parisienne окуу жайында билим алган. Андан соң Жак Фат, Баленсиага, Жан Дессе жана Ги Ларош сыяктуу легендарлуу мода үйлөрү жана дизайнерлер менен иштешкен. 1960-жылы ишкер өнөктөшү Джанкарло Джаметти менен биргеликте өзүнүн Valentino мода үйүн негиздеп, ал кыска убакытта эле дүйнөлүк деңгээлде таанылган.

Өзүнүн чыгармачылык жолунда модельер Жаклин Кеннеди, принцесса Диана, Софи Лорен, Одри Хепберн, Мерил Стрип, Джулия Робертс, Шэрон Стоун жана Гвинет Пэлтроу сыяктуу көптөгөн атактуулар үчүн кийимдерди жараткан. Анын өзгөчө символуна айланган «Валентинонун кызыл түсү» (Valentino Red) дүйнөлүк модада өзгөчө орунду ээледи.

Модельер менен коштошуу зыйнаты 21–22-январь күндөрү Римде өтөт, ал эми 23-январда ал Санта-Мария-дельи-Анджели-э-деи-Мартири базиликасында акыркы сапарга узатылат.

Гаравани дүйнөдөн кайткан соң, мода жана саясат чөйрөсүнүн көптөгөн өкүлдөрү көңүл айтуу билдирүүлөрүн жолдошту. Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони «Валентино — стиль менен элеганттуулуктун талашсыз устаты, италиялык жогорку моданын түбөлүк символу» экенин белгиледи.

Валентино Гаравани 2007-жылы өзүнүн мода үйүнүн башкаруусунан кеткен, ал эми 2012-жылы Valentino бренди Катар компаниясы тарабынан сатып алынган. Анын мурасы дүйнөлүк мода индустриясына бүгүнкү күнгө чейин дем берип келет.