Жогорку Кеңештин спикерлигине Марлен Маматалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү
12 февраль

Жогорку Кеңештин спикерлигине Марлен Маматалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

Бүгүн Жогорку Кеңеш төрагасын шайлайт. Азырынча бул кызмат ордуна эки депутаттык топ тарабынан Марлен Маматалиевдин талапкерлиги көрсөтүлгөнү белгилүү болду. 

Маматалиевге “Элдик” жана “Ала-Тоо” депутаттык топтору ишеним көрсөтүшкөн. 

Буга чейин Нурланбек Тургунбек уулу өз ыктыяры менен спикерликтен кеткен.