Көкүлов болочок спикерге кайрылды: Микрофонду өчүрөм деп коркутпайсыз деп ишенем
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкүлов “парламент ар дайым сасып жүрөт” деп айтты. Ошондой эле болочок спикерге кайрылды.
“Азыр баары бир бирөөңөр спикердин ордуна отурасыңар. Мен жаңы спикерге алдын ала кайрылып коеюн: сиз микрофонду өчүрөм, министрлерди бара бергиле дебейсиз деп ишенем. Анткени биз эл өкүлүбүз, министрлерге ушул жерден суроо беришибиз керек. Канча жолу какшанып кайталап, министрлерге суроо берип калалы десем да, окшош көрүнүштөр кайталанат. Болочок спикерге кайрылам: сиз менен мындай нерсе болбойт деп чын жүрөктөн ишенем”, – деди ал.
