Зулушев: Кызматтан кетүүнү трагедия кылбаш керек
12 февраль

Зулушев: Кызматтан кетүүнү трагедия кылбаш керек

Депутат Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик кызмат менчик эместигин, кызматка келген адам кетээрин да унутпашы керектигин белгиледи. Ал спикерликтен өз каалоосу менен кетип жаткан Нурланбек Тургунбек уулуну кайрылды: 

“Нурлан мырза, ишиңизге ийгилик. Төрага боло электе эле жакшы таанышпыз, кандай адам экениңизди билебиз. Кызмат – бул түбөлүктүү эмес, элдин өкүлүсүз жана өкүл бойдон каласыз. Кызматтан кетүүнү трагедия кылбаш керек”. 

Ошондой эле Жогорку Кеңеш өзүн пиар кылып, саясий окуяларга негиздүү жана негизгиз аралашпаганы жакшы экенин айтты. 

“2020-жылдан бери мамлекет кантип түптөлдү, жакшы билесиздер. Эки адамдын жанында жүрүп мамлекетке көп кызмат кылдык. Президенттин да, Камчыбек Кыдыршаевичтин да аракетин, жөндөмүн, пейилин да жакшы билебиз. Камчыбек Ташиев үй-бүлөсүн, өзүн тобокелдикке салып, эмне деген иштерди жасады. Саясатчылар абалдан пайдаланып, ал киши тууралуу жаман сөз айтуудан өйдө болушу керек. Кыргыз элине кызмат кылган уулдарды, ал бийликте болобу же жокпу – сыйлай билишибиз керек. Ошондо бул жаштарга да стимул болот – мен кетсем да, ишим калат деген. Адам кызматка келет-кетет, бирок мамлекет туруктуу болушу керек”, – деди ал.