Медербек Сатыев: «Сот тутумунун кызматкерлери үчүн татыктуу жана заманбап шарттар түзүлүшү керек»
20 январь

Медербек Сатыев: «Сот тутумунун кызматкерлери үчүн татыктуу жана заманбап шарттар түзүлүшү керек»

Бул туурасында кечээ, 2026-жылдын 19-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев 2025-жылдагы ведомстволук «Фемида» пансионатынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын угуу учурунда билдирди.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку соттун Аппаратынын жетекчиси Сулайман Мыкыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, ошондой эле ведомстволук «Фемида» пансионатынын директору Шермамат уулу Бексултан катышты.

Жыйындын жүрүшүндө пансионаттын директору мекеменин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана учурдагы мезгилге карата пландары тууралуу кеңири маалымат берди. Тактап айтканда, 2025-жылы пансионаттын жалпы кирешеси болжол менен 27 миллион сомду түзгөнү, ал эми чыгашалар, анын ичинде кызматкерлердин эмгек акысы, 24 миллион сомдун тегерегинде болгондугу маалымдалды.

Учурда пансионаттын аймагында ашкана куруу, аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, инфраструктураны андан ары өнүктүрүү жана жашылдандыруу максатында чектеш аймактарды ижарага алуу боюнча зарыл болгон документтер даярдалууда. Перспективдүү долбоорлордун катарында мейманкана комплексин куруу да каралган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев пансионатты мындан ары өнүктүрүү боюнча так жана этап-этабы менен ишке ашырыла турган иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыгууну, сот тутумунун кызматкерлерин — кесиптик бирликте мүчө болгон жана мүчө болбогон кызматкерлерди кабыл алуу тартибин аныктоону, ошондой эле эс алуу жана иш-чараларды өткөрүү үчүн заманбап талаптарга жооп берген ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды.