Камила Талиева депутаттарды “бирөөнүн артынан бычак саюуну” токтотууга чакырды
12 февраль

Камила Талиева депутаттарды “бирөөнүн артынан бычак саюуну” токтотууга чакырды

Депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин жыйынында парламент ичиндеги интригалар тууралуу айтты. 

Ал белгилегендей, Нурланбек Тургунбек уулунун артынан “бычак сайган” жана ушак ташыган депутаттар болгон. 

“Калыс, адилет бололу дейбиз, аны өзүбүздөн баштайлы. Эл азыр түмөн түйшүктүү ойлордун тегерегинде кыжалат болуп жатат. Эл өзүн атасынан айрылгандай эле сещип жатат. Саясат ушунчалык тез өнүгүп жатат. Бирөөнүн артынан бычак сайганды токтотолу. Мамлекеттик саясаттын чордону – парламент. Калыстык үчүн айтып коеюн, төрага эч кимди бөлүп-жарган жок. Кимиңерди бөлүп жарды, ачык айталы? Көрүнгөн ушакты, көрүнгөн саясатты зуулдатып ташып жүргөндөр болду. Эки досту да уруштургандар – ушул ушакчылар”, – деди ал. 

Талиева депутаттарга Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди ынтымакка келтирүү максатында президентке кат жолдоону сунуштады. Ошондой эле, кечээтен бери эркек депутаттар ушул теманы козгойбу деп күткөнүн, бирок күтүүсү акталбагандыктан өзү айтып чыгууга аргасыз болгонун белгиледи. 

“Мен айтайын, мен туруп берейин. Эки дос канча кыйынчылыкты чогуу көтөрдү, бийликке чогуу келишти. Кээ бирлер жүрөт комфорт зонадан чыкпай, мамлекеттен айлык алганына курсант. Биздин саясат таза болбосо – бул элдин шору”, - деди Камила Талиева.