Унаа капотунда сүйрөлгөн милиция кызматкери. Шектүү айдоочу кармалды
20 январь

Унаа капотунда сүйрөлгөн милиция кызматкери. Шектүү айдоочу кармалды

2026-жылдын 19-январында болжол менен саат 18:00 чамасында Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу айдоочулук күбөлүгү жок жана мас абалында транспорт каражатын башкарган.

Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлеринин автоунааны токтотуу боюнча мыйзамдуу талабына баш ийбей, айдоочу кызматкерлердин бирин унаанын капотунда 50 метрден ашык аралыкка чейин алып кеткен.

Бул факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин МЭЖге катталган.

Укук бузуучу Ленин райондук ИИБге жеткирилген. Ал 1986-жылы туулган Т.И. аттуу жаран экендиги аныкталган. Ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, андан соң Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ички иштер органдары айдоочуларды мыйзам талаптарын жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так сактоого чакырат.

Мындай аракеттер, анын ичинде каршылык көрсөтүү жана кызматкерлердин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаратуу, жол берилгис болуп саналат жана мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.