Министрлер кабинети
19 июнь
Албаниянын президенти “Ата Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды
Кыргызстанга расмий жумуш сапары менен келген Албаниянын президенти Байрам Бегай 19-июнда “Ата Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Комплекске барган Албаниянын президенти 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын курмандыктарына арналган мемориалга гүлчамбар койду.
