Кадамжайда өрүктүн жана гиластын жаңы сортторунун көчөттөрү отургузулууда
Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында өрүктүн жана гиластын жаңы сортторунун көчөттөрү отургузула баштады
Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, учурда пайдаланууга берилген жердин 6,5 га аянтына эрте бышуучу (25–30-апрелде) транспортабельдүү, 3-жылы 1 га жерден 8 тонна түшүм берүүчү өрүктүн жаңы сорттору — Микадо, Жебасред отургузулган. Ошондой эле 6,5 га жер аянтына 5-жылы 1 га жерден 10 тонна түшүм берүүчү гиластын Грейстар, Свид Ариана жаңы сорттору тигилген.
