Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду
Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү тескемеге Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.
Тескемеге ылайык, төмөнкү кызматтарга дайындоолор жүргүзүлдү:
- Майнаева Асель Муктарбековна — Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын Турак жай фонду бөлүмүнүн башчысы;
- Айбеков Марлен Айбекович — Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы;
- Мусаев Уран Мирбекович — Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаментинин директору;
- Кучкачова Лилия Султанбековна — Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директору;
- Осмоналиев Азамат Шукурбекович — Бишкек шаарынын мэриясынын Тармактык саясат башкармалыгынын Шаар куруу, архитектура жана жер пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
- Бейшембаев Азамат Туголбаевич — Бишкек шаарынын мэриясынын Контролдоо жана уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы;
- Маратов Олжас Маратович — Бишкек шаарынын мэриясынын Контролдоо жана уюштуруу иштери башкармалыгынын Контролдоо жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы;
- Кудайбергенов Руслан Жанузакович — Бишкек шаарынын мэриясынын Коррупцияга каршы аракеттенүү, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы.
Ошондой эле Абдес Анарбеков өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.
Кадрдык чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынып, Бишкек шаарынын мэриясынын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылууга багытталган.
