Баткенде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча форум өттү
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
30 март

Баткенде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча форум өттү

Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун катышуусунда «Үй-бүлөлүк зомбулукка таасир этүүдөгү тутумдук өз ара аракеттенүү жана аракеттерди координациялоо» аталышындагы форум уюштурулду. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Жазгүл Эгемназарова жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун өкүлү Бактыбек Кайназаров да катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө бул маселенин актуалдуулугун белгилеп:

«Бүгүн биз өтө маанилүү жана кооптуу маселени – үй-бүлөлүк жана коомдогу зордук-зомбулуктун өсүшүн талкуулоо үчүн чогулдук. Акыркы мезгилде облуста мындай көрүнүштөрдүн көбөйүшү баарыбызды тынчсыздандырууда. Бул бир гана укуктук маселе эмес, коомдун жана үй-бүлөнүн бекемдигине түздөн-түз таасир эткен көйгөй. Зордук-зомбулук – адам укуктарын одоно бузуу болуп саналат жана өзгөчө аялдарга, балдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга олуттуу зыян келтирет. Мындай көрүнүштөргө кайдыгер мамиле кылуу – көйгөйдүн тамырлашына жол ачат. Ошондуктан биргелешкен, системалуу иш алып баруу зарыл», – деп белгиледи.

Андан соң «Үй-бүлөлүк зомбулук: жабыр тарткан адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү, алдын алуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү» аталышындагы пленардык сессия өттү.

Форумдун жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, ага каршы аракеттенүү, жабыр тарткан адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү, ошондой эле бардык субъекттердин өз ара аракеттенүүсүн жана координациясын күчөтүү маселелери кеңири талкууланды.

Жыйынтыгында форумдун катышуучулары төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алышты:

• ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү;

• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыл сайын иш пландарын түзүп, квартал сайын талдоо жүргүзүүсү;

• зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш алып барган жергиликтүү комитеттерди каржылоо механизмдерин жакшыртуу;

• жабыр тарткан адамдар үчүн коопсуз жайларды түзүү жана кризистик, консультациялык борборлордун санын көбөйтүү;

• билим берүү тармагында, айрыкча мектеп окуучулары арасында, алдын алуу иштерин күчөтүү;

• массалык маалымат каражаттарында социалдык роликтерди кеңири жайылтуу.

Катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштө бардык тараптардын координацияланган жана системалуу иши гана натыйжалуу жыйынтык берерин белгилешти.