Эркинен ажыратам деп коркуткан. Бишкекте 16 жаштагы кыз 5 млн сом опузалоого шектелип кармалды
12 февраль

Эркинен ажыратам деп коркуткан. Бишкекте 16 жаштагы кыз 5 млн сом опузалоого шектелип кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына арыз менен М.А. атту жаран кайрылып, “А” аттуу кызга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган.

Себеби, 2026-жылдын январь айынан бери аталган кыз 5 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылып, күч колдонуп аны эркинен ажыратуу менен коркутуп, тынчын алып жүргөндүгүн билдирген.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин ыкчам тергөө иш аракеттеринин жүрүшүндө 2007-жылы туулган К.А. аттуу жаран аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан 300 миң сом өлчөмүндө акча каражатын мыйзамсыз алып жаткан учурунда кармалып, Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Тергөө уланууда.