Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери алдамчылыкка шектүүнү кармашты
30 март

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери алдамчылыкка шектүүнү кармашты

2026-жылдын 27-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБине жаран Ч.Ш. арыз менен кайрылып, С.Л. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын 19-декабрында Жибек-Жолу проспектисинде С.Л. аттуу жаран ишенимге кирип, чет өлкөлөрдөн айыл чарба техникаларын алып келем деп алдын ала убада берип, ири өлчөмдөгү акчасын ээлеп алган. Акчаны алган соң ал байланышка чыкпай, өзүнө алган милдеттерин аткарбай, жашырынган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209- (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү 1992-жылы туулган С.Л., аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда шектүүнүн башка окшош кылмыштарга тиешеси аныкталууда. Териштирүү иштери улантылууда.