"Жеңиш" конушунда 17-февралда таза суу жок болот
12 февраль

"Жеңиш" конушунда 17-февралда таза суу жок болот

“Жеңиш” турак жай конушунда 17-февралда саат 10:00дөн 15:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Суунун өчүрүлүшү “Жеңиш” турак жай конушундагы "Жеңиш" суу топтомосунда авариялык-оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.