Аида Касымалиева кызматынан бошотулуп, анын ордуна Аяз Баетов дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Баетов Аяз Батыркулович Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Аида Касымалиева аркалап келген. Ал 2026-жылдын 8-сентябрында Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде кызматынан бошотулду.
