Бишкек: айдоочулук күбөлүк албай унаа башкарган айдоочуга 15 миң сом айып салынды
Бишкек шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда 20 жаштагы жаран айдоочулук күбөлүксүз унаа айдап жүргөнү аныкталды.
Текшерүүдө айдоочу таптакыр айдоочулук күбөлүк албаганы белгилүү болду. Тиешелүү тартиптик чаралар көрүлүп, унаа айып короо жайына токтотулду. Мыйзамга ылайык, жаранга 15 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
ЖКККББ жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында мындай рейддер мындан ары да улантыларын маалымдайт жана бардык айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.
