Ошто жубайын жана балдарын сабаган киши милицияга жеткирилди
Ошто жубайын жана балдарын сабаган киши милицияга жеткирилди. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 23-июлунда mekanov_adilet аттуу колдонуучунун Instagram баракчасына Ош шаарынын айылдарынын биринде үй-бүлөлүк зомбулук фактысы орун алгандыгы тууралуу видео жарыяланган.
Аталган факты боюнча ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө видеодо көрсөтүлгөн жарандар Ош шаарынын тургундары: 1990-жылы туулган Т. Ж., анын жубайы 1996-жылы туулган Д. А. жана алардын 2020-жылы туулган уулу М. У. экендиги аныкталган.
Ошондой эле жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жүрүшүндө социалдык тармакка 2026-жылдын 23-июлунда жарыяланган видеодо чагылдырылган окуя 2023-жылдын 22-декабрында тартылгандыгы такталган.
Мындан сырткары, учурда жубайлар бирге жашабай тургандыгы аныкталып, жубайы А.Д. милицияга арыз жазуудан баш тарткан.
Ошого карабастан, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу бардык жагдайларды ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо максатында жаран Ж.Т.га карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы социалдык тармактар аркылуу тараган ар бир маалымат мыйзам чегинде милдеттүү түрдө текшерилерин билдирет.
