Эр-Риядда Россия менен Американын ортосунда сүйлөшүүлөр башталды
Эр-Риядда бүгүн, 18-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Вальц жана америкалык делегациянын Жакынкы Чыгыш боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Стив Виткофф Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана орус делегациясынын тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков менен жолугушууда.
Бул АКШ менен Россиянын жогорку даражалуу делегацияларынын акыркы бир нече жыл ичиндеги биринчи жолугушуусу.
АКШ администрациясы бул жолугушууну Украина боюнча “сүйлөшүүлөрдүн” башталышы катары эмес, президенттер Дональд Трамп менен Владимир Путиндин өткөн аптада болгон телефондук сүйлөшүүсүнүн уландысы катары карап жатканын кыйытты.
"Менин оюмча, адамдар муну деталдарга же кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдөгү прогресске тиешелүү нерсе катары карашы керек эмес", - деди Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Тэмми Брюс.
Столдо Сауд Аравиянын тышкы иштер министри ханзаада Фейсал бин Фархан Аль Сауд жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Мосаад бин Мохаммед Аль-Айбан да бар.
Сүйлөшүүчүлөр АКШ украиналыктардан алыстап жатабы жана Вашингтон Москвадан кандай жеңилдиктерди талап кылып жатат деген прессанын суроолоруна көңүл бурушкан жок.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Сауд Аравиядагы украин өкүлдөрү АКШ менен Россиянын делегацияларынын жолугушуусуна катышпай жатканын билдирди. Бир күн мурун ал жерге Украинанын өкмөттүк делегациясы Зеленскийдин сапарына даярдык көрүү үчүн келген.
